20-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.
Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан шамал согуп, ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз +8...+13,
Талас жергесинде түнкүсүн -2... -7, күндүз +7…+12,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…6, күндүз +12...+17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...- 21, күндүз -5...-10.
Бишкек шаарында кечинде бир аз кар жаашы мүмкүн.
Түнкүсүн -1...+1, күндүз +10...+12 градус болот.