Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Беларуста демонстранттар кармалды


Слоним шаарындагы нааразылык акциясы, 19-март 2017-жыл.
Слоним шаарындагы нааразылык акциясы, 19-март 2017-жыл.

Беларуста иштебеген жарандарга салык салуу демилгесине каршы чыккан үч демонстрант камакка алынды. Катуу көзөмөлдөгү бул өлкөдө 19-мартта да нааразылык акциялары уланып, жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. Кармалгандардын арасында оппозициячыл саясатчы Виктор Марчык да бар. Ал өлкөнүн батыш тарабындагы Слоним шаарында президент Александр Лукашенко “бекерпоздордун салыгы” деп мүнөздөгөн салык эрежелерине каршы демонстранцияга катышып жаткан.

Калган эки демонстрант Барановичи шаарындагы жүрүш маалында кармалган. Бул шаарда коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү демонстранттардын санынан көп болгону кабарланды.

АКШ жана Евробиримдик демонстранттарга жасалган мамиле боюнча Лукашенконун өкмөтүн сынга алышкан. Президент “бекерпоздор салыгын” жыйноо 2018-жылга чейин токтотулат деп билдиргенине карабай нааразылык акциялары уланып жатат.

XS
SM
MD
LG