Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Тажикстанда кайрадан доллар тартыштыгы байкалууда


Тажикстан.
Тажикстан.

Тажик ишкерлери өлкө банктарында америкалык валютаны сатып алууга дээрлик мүмкүн болбой калганын, акча алмаштыруучу жайларда доллар жоктугун билдиришүүдө. Маалыматтарга караганда, өлкөдө өткөн айдан тарта доллардын баасы кескин жогорулай баштаган. Учурда америкалык валютанын көмүскө базардагы баасы расмий курстан кыйла жогору болуп, бир доллар 8,5-8,6 сомониге бааланууда.

Жергиликтүү ишкерлердин айтымында, алар товарлардын көбүн чет өлкөдөн долларга сатып алышат, ошондуктан америкалык валютанын тартыштыгы бизнеске чоң зыян келтирүүдө.

Буга чейин өлкөнүн Улуттук банкынын өкүлү Тажикстандын валюта базарында доллардын баасы кескин жогорулаганын ырастаган. Анын оюнча, доллардын курсунун көтөрүлүшү «белгилүү бир топтордун көмүскө базардагы чайкоочулугуна» байланыштуу болууда.

XS
SM
MD
LG