Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Чек арасыз кабарчылар өзбек журналистинин депортациясына кабатыр


Худойберди Нурматов.
Худойберди Нурматов.

Чек арасыз кабарчылар уюму “Новая газета” басылмасынын журналисти Худойберди Нурматовду Орусиядан Өзбекстанга депортация кылбоого чакырууда. Али Феруз ысымы менен иштеген кабарчы Москвада 16-мартта кармалган. Уюм өзбек журналисти мекенине барса, кыйноолорго кабыларын билдирип, Орусия бийлигинен аны Москвада калтырууну суранууда.

“Али Ферузду Өзбекстанга жөнөтүү мыйзамсыз болот жана анын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралат”, - деп билдирди уюмдун өкүлү Йоханн Бир. Анын айтымында, кыйноолор ырааттуу түрдө колдонулган өлкөдө журналисттин өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымал. Мындан улам уюм орус бийлигин журналистти мекенине кайтарбоого жана тез арада баш паанек берүү маселесин кароого чакырды.

“Новая газета” басылмасы журналист көптөн бери Орусияда качкын макамын ала албай жүргөнүн билдирген.

Орусияда билим алган Али Феруз Өзбекстанда жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн маалда бийликтин кысымына кабылып, мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгону айтылууда.

 

XS
SM
MD
LG