Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо 23-мартка чейин кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
21-мартта Ысык-Көл облусунун кээ бир райондоруна жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жолдор тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +11...+16,
Талас жергесинде түнкүсүн -3... +2, күндүз +11…+16,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…7, күндүз +14...+19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...- 24, күндүз -4...-9.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -+1...+3, күндүз +14...+16 градус жылыйт.