Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Ат-Башыда карды көтөрө албай үйлөрдүн чатыры сынды

Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы районунда айрым үйлөрдүн чатыры карды көтөрө албай, сынып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, Талды-Булак айыл аймагында кардын калыңдыгы бир жарым метрден ашканын маалымдады. 

Зыянга учураган турак жайлардын саны азырынча так эмес. Министрлик жардам иретинде 370 шыйпыр бөлдү. 

Андан тышкары, Ак-Муз, Өзгөрүш айылдарына жана Ак-Сай өрөөнүнө алып барчу жолдор тазаланууда. 12-марттан бери жааган кар жана бороон айдап келген кар күрткүсү жолдорду жаап калган. Ондогон үй-бүлө кар тосуп калган жолдордун ары жагында. Алар менен жергиликтүү бийлик телефон менен гана байланышып жатат. Жабыркагандар жок. 

XS
SM
MD
LG