Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Молдованын экс-депутаты тыңчылыкка шектелип кармалды


Молдова парламентинин мурдагы мүчөсү Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен кармалды. Бул маалыматты укук коргоо органдарынын атын атабаган өкүлүнө шилтеме жасап айрым булактар таратышты.

Юрий Болбочану 17-мартта үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин кармалган. Аны камоо ордеринде айтылгандай, экс-депутат өлкөдөгү “социалдык-саясий абалды бейстабилдештирүү максаты менен улуттук маанилүү маалыматтарды алууга кызыккан адамдар менен мамиле курган". Интерфакс агенттиги болсо Болбочану Орусиянын Кишиневдогу элчилигинин аскерий атташесинин жардамчысы менен кездешип турчу деп жазат.

Буга чейин Молдова өкмөтү расмий адамдарды Орусияга барбоону эскерткен. Жакында пайда болгон маалыматтарга караганда, ал өлкөнүн атайын кызматтары Орусиядан 22 миллиард доллар алынып чыгып, Молдовадагы банк аркылуу адалданганын, ал ишке ФСБнин кызматкерлери катышканын аныкташкан.

XS
SM
MD
LG