Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

АКШ Конгрессинде Орусияга байланыштуу угуулар өтүүдө


АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун - ФБРдин директору Жеймс Коми Орусиянын расмий адамдары менен президент Дональд Трамптын жардамчыларынын байланыштары иликтенип жатканын бышыктады.

Ушул тапта Өкүлдөр палатасындагы чалгындоо комитетинде Москванын Кошмо Штаттардагы былтыркы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча алгачкы угуулар башталууда. Конгрессмендер ФБРдин директору Жеймс Коми жана Улуттук коопсуздук агенттигинин жетекчиси Майк Рожерске түздөн түз суроо берүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Буга чейин биринчи кезекте демократ-конгрессмендер атайын кызматтар иликтөө боюнча толук маалымат бере электигине нааразылыгын билдирип келишкен.

Көпчүлүк материалдар купуя болгондуктан, Коми жана Рожерс иликтөөнүн чоо-жайы жөнүндө көп маалымат бере алышпайт деп күтүлүүдө. Бирок Дональд Трамптын мурдагы шайлоо штабынын же администрация мүчөлөрүнүн Орусия менен байланыштары тууралуу суроолорго жооп беришет деп күтүлүүдө. Ошондой эле Трамптын шайлоо өнөктүгү маалында телефондорун буга чейинки администрация тыңшап турган деген маалымат боюнча да суроолор берилмекчи.

Январда АКШнын чалгындоо кызматтары Орусия президенти Владимир Путин шайлоо кампаниясына таасир этүү буйругун берген, Кремль Трамптын пайдасына аракеттенген деген маалыматты чыгарышкан. Орусия муну абсурд деп атаган. Трамп Орусия 8-ноябрдагы шайлоого таасир тийгизүүгө аракеттенген деген ырастоолорду четке кагууда.

"Демократтар начар жүргүзүлгөн кампаниясы үчүн актануу максатында Орусия жөнүндөгү кептерди өздөрү ойлоп таап, сүрөөнгө алып келатышат", - деп жазды президент 20-мартта Твиттерге.

Буга чейин анын Улуттук коопсуздук кеңешчиси шайлоо кампаниясы маалында Орусиянын элчиси менен жолугушканы ачыкка чыккандан киийн кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG