Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Кыргызстан Ноорузду майрамдоодо


Бишкектеги майрамдык иш-чаралар Ала-Тоо аянтында саат 11де расмий ачылып, бир катар маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Түшкү саат экиге чейин театралдаштырылган оюн-зооктор болот. Борбордук аянттагы майрам салтанатына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышат. Ал эми мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин майрамдык куттуктоосун президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков аянттагы салтанатта окуп берет.

Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтын кооздоп, жасалгалады. Анда кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар жана куштардын элестери жаратылыштын ойгонушу катары сүрөттөлгөн.

Ошондой эле эски аянтта да кечке чейин концерт коюлары кабарланган. Төрт райондо сейилдөөлөр уюштурулат.

Жети облуста тең жаз майрамы театрлаштырылган оюн-зооктор, концерттик программалар, улуттук спорт оюндары менен коштолот. Ар бир облустагы салтанаттарга өкмөт мүчөлөрү барып катышат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусуна, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Баткен облусуна, вице-премьер-министр Олег Панкратов Ысык-Көл облусундагы майрамдык иш-чарага катышат. Ал эми өкмөттүк аппараттын башчысы Акылбек Осмоналиев Нарын облусундагы Нооруз майрамына арналган салтанатка күбө болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG