Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Тажикстанда байчечекей терген үч адамга кылмыш иши козголду


Тажикстандын экологиялык милициясы байчечекей терип саткан үч жаранга кылмыш ишин козгоду. Алар «сейрек кездешкен өсүмдүктү жок кылууга» айыпталып жатышат. Сурак маалында кармалгандар байчечекей терүүгө жакырдык жана жумушсуздук айынан барганын айтышкан.

Байчечекей гүлү Тажикстанда февралдын ортосунда пайда болот. Өлкөнүн айрым жашоочулары жапайы өскөн гүлдөрдү терип, базарларда же жол жээктеринде сатышат. Бир гүлдесте 5 сомони же 45 сом турат.

Экологиялык милициянын маалыматы боюнча жыл өткөн сайын бул «бизнеске» аралашкандар көбөйүп, сейрек кездешкен гүлдөрдүн жоголуп кетүү коркунучу жаралган.

Өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо комитетинин маалыматына караганда, акыркы жылдары Нооруз майрамынын популярдуулугу артып, андан улам жапайы өскөн гүлдөрдү мыйзамсыз терүү менен алектенген жарандардын саны көбөйгөн.

Гүл тергендердин көбү балдар же өспүрүмдөр болгондуктан аларга карата административдик чараларды көрүү кыйынга турат. Кармалган балдардын көбү тапкан акчага үй-бүлөсү үчүн нан сатып аларын айтышат.

Байчечекей жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүк катары Тажикстанда Кызыл китепке киргизилген жана аны атайын уруксатсыз терүүгө тыюу салынган. Кызыл китептеги өсүмдүктү мыйзамсыз үзүү үчүн 500 сомониден 5 миң сомониге чейин айып пул каралган.

XS
SM
MD
LG