Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Пакистан ооган чек арасындагы эки бекетти кайра ачты


Пакистан менен Ооганстандын чек арасы
Пакистан менен Ооганстандын чек арасы

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Ооганстан менен эки негизги өткөрмө бекетти кайра ачууга буйрук берди. Эки өлкөнүн чек арасы 16-февралдан бери жабылып, жүз миңдеген адам эки жакка каттай албай калышкан. Торхам жана Чамман бекеттеринин жабылышына 130дан ашуун адамдын өмүрүн алган чабуулдардан кийинки эки өлкөнүн ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон.

Расмий Исламабад чабуулдарды Ооганстандагы согушкерлер уюштурганын айтып, ооган өкмөтүн аларды жаап-жашырды деп сындаган. Ооган тарап бул дооматтарды четке каккан. Чек аранын жабылышынан улам Ооганстанда кеминде 4 миңдей, Пакистан тарапта 6 миңдей жүк унаасы ара жолдо калган. Мындай жагдайдан улам унаалардагы тонналаган азык-түлүктөр бузулуп кеткен. Чек араны кайра ачуу чечими Пакистан менен Ооганстандын дипломаттарынын Лондондогу сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG