Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо 23-мартка чейин кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
22-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Тоолуу райондордо карга айланып, жолдор тайгак болот. Батыштан шамал согуп, ылдамдыгы секундуну 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Талас жергесинде түнкүсүн -2... +3, күндүз +9…+14,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…8, күндүз +11...+16,
Баткен облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн.
Түнкүсүн +2...+4, күндүз +12...+14 градус болот.