Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстан “Бактылуулук индексинде” коңшуларынан артта калды


Бириккен Улуттар Уюмунун “Дүйнөлүк бактылуулук индексинде” Кыргызстан быйыл 150дөн ашык өлкөнүн ичинен 98-орунга ээ болду. Өзбекстан 47, Орусия 49, Түркмөнстан 59, Казакстан 60, Тажикстан 96-орунда турат.

Индексти түзүүдө бактылуулукка таасирин тийгизген социалдык шарттар, мамлекеттик камкордук, өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы, орточо өмүр узактыгы, эркиндик, жарандардын кирешеси, коррупция сыяктуу жагдайлар эске алынган.

2017-жылы Норвегия төрт баскычка алдыга чыгып, дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Андан кийинки орундарды Дания, Исландия жана Швейцария ээледи. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Армения 121, Грузия 125, Украина 132-орунга ээ болду.

Ооганстан тизменин дээрлик аягынан - 141-саптан орун алды.

XS
SM
MD
LG