Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Аида Касымалиева: депутаттыкка сунуш түшө элек


Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезектеги талапкер Аида Касымалиевага азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынан да, партиянын штабынан да эч ким байланыша элек. Аида Касымалиева "Азаттыкка" буларды айтты:

- Ооба, тизме боюнча менин кезегим келди. Бирок азырынча менде эч кандай маалымат жок. Шаршемби күндү күтүп жатам. БШК ишке киришсе, тагыраак маалымат берсе керек. "Арыз жаз, баш тарт" деген сөздөр такыр болгон жок.

Өткөн жумада КСДПнын тизмедеги эки талапкери Икрамжан Илмиянов менен Абдыманап Кутушев удаа эле парламент депутаттыгынан баш тартып, Боршайкомго арыз жазышкан. БШК алар арыз бергени тууралуу маалыматты ырастап, арыз Нооруздан кийин караларын билдирген.

21-мартта айрым маалымат каражаттары КСДПнын кезектеги депутаттык мандаты Аида Касымалиевага тийгенин жазып чыгышкан.

32 жаштагы журналист Аида Касымалиева "Азаттык" үналгысында да иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG