Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Түрк саясатчылары Германиядагы үгүт жыйындарын токтотту


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы 16-апрелдеги референдумдун алдында Германияда өтө турган бардык иш-чараларын токтотту. Бул тууралуу партиянын Кёльн шаарындагы кеңсесинен 21-мартта кабарлашты.

Өткөн аптада президент Режеп Тайып Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калын Германияда түрк жарандары жана министрлеринин катышуусунда дагы бир жыйын өткөрүү аракети көрүлөрүн ишара кылган эле.

Буга чейин Түркиянын Германияда жана Нидерландда жашаган түрк жарандары үчүн үгүт жыйынын өткөрүү аракетинен майнап чыккан эмес. Европадагы бул эки өлкө коопсуздук маселесин жүйө келтирип, түрк министрлеринин жыйын өткөрүшүнө уруксат бербей коюшкан. Мындай аракет Түркиянын кескин сынына кабылып, дипломатиялык кайым айтышууларга жол ачкан.

Нидерланддарда 400 миңдей түрк тектүү жаран жашаса, Германияда 1,4 миллиондой түрк шайлоочусу бар. Апрелдеги референдумда президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселеси элдик добушка коюлат.

XS
SM
MD
LG