Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Британия учактагы электрондук жабдыктарга чектөө киргизди


Лондондогу Хитроу аба майданы
Лондондогу Хитроу аба майданы

Түркия, Ливан, Иордания, Египет, Тунис жана Сауд Арабиядан Улуу Британияга түз учкан жүргүнчүлөргө учак бортуна телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды алып кирүүгө тыюу салынды. Британ өкмөтүнүн соңку чечимине ылайык, ноутбук сыяктуу электрондук жабдыктар багажга өткөрүлүүгө тийиш.

Мындай чектөөлөргө чалгын кызматтарынын террорчулар коммерциялык каттамдарды бутага алышы мүмкүн деген маалыматтары себеп болду.

Андан мурдараак АКШ Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы сегиз өлкөдөн учуп чыккан жүргүнчүлөр үчүн да буга окшош чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG