Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Твиттер жарым жылда жүз миңдеген аккаунтту жапты


378 890 аккаунт террорчулукка үгүттөгөнү үчүн жабылды. Бул өткөн жылдын жарымындагы көрсөткүчтөн 60% көп. 2015-жылдын августунда сайт "зордукчул экстремизм" менен күрөшүүнү жарыялагандан бери 636 248 твиттер пайдалануучунун аккаунту жабылган.

Ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрү Твиттер, Фейсбук жана башка социалдык тармактардан пайдалануучулардын экстремисттердин ишмердүүлүгүн тыюуну талап кылышат.

Твиттердин билдирүүсүндө, өткөн жылдын кийинки жарым жылдыгында тармакта катталгандар тууралуу маалымат берүүсүн талап кылган суроолор 7% өскөн. Ал эми пайдалануучунун баракчасын жабуу тууралуу талаптар 13% көбөйгөн. Мындан тышкары билдирүүлөрдү журналисттерден жана маалымат уюмдарынан алыс кармоо тууралуу да талап түшкөн.

Социалдык тармактардагы жорумдарды жабуу аракети жагынан Түркия 1-орунга чыккан. Твиттер сөз эркиндигин кысууга аракет кылган мындай суроо-талаптарды көбүрөөк жарыялап турууну чечкенин маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG