Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу Сердар Бердымухамедов парламенттеги укуктук маселелер комитетин жетектөөдө. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга чейин ал Тышкы иштер министрлигинде Маалымат департаментин башкарган.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келе жатат. Президенттин дагы үч кызы бар.