Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

АКШ: Тиллерсон Орусияга чейин НАТО отурумуна катышуусу мүмкүн


South Korea -- U.S. Secretary of State Rex Tillerson attends a press conference following talks at the South Korean Foreign Ministry in Seoul, March 17, 2017
South Korea -- U.S. Secretary of State Rex Tillerson attends a press conference following talks at the South Korean Foreign Ministry in Seoul, March 17, 2017

Бул үчүн антитеррордук коалициянын отуруму башка күнгө которулууга тийиш. Буга чейин Тиллерсон Орусияга сапары учурунда уюмдун жыйынына катышпай калуусу ыктымалдыгы айтылган.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер Вашингтон НАТОнун 5-6-апрелде Брюсселде өтчү жыйынын Тиллерсондун иш жадыбалына ылайыктап башка күнгө которуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаганын 21-мартта журналисттерге билдирди.

Мурдараак Рейтерс агенттиги өз булактарына таянып Рекс Тиллерсон президент Доналд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин жолугушуусуна катышуу үчүн Брюсселдеги жыйынга катышпайт деп маалымдаган. Тиллерсон 26-27-майда "Чоң жетинин" жыйынынан кийин Москвага учары, ал эми НАТОнун жыйынына АКШ мамкатчысынын орун басары Том Шэннон катышары кабарланган.

АКШ Мамдепартаменти Тиллерсон коалициянын жыйынына катыша албастыгы тууралуу маалыматты 20-мартта жарыялаган. НАТОнун өкүлү "Азаттык" радиосуна билдиргендей, уюмдун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүчү күн бардык мүчөлөрдүн макулдугу менен бекитилет.

АКШ мамкатчысы Тиллерсон НАТОнун жыйынына катышпасы тууралуу маалымат Конгрессте нааразылык жараткан. Ошондой эле коалиция мүчөлөрүнүн тынчсыздануусун пайда кылган.

XS
SM
MD
LG