Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:02

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Бишкекте өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Уюм тараткан билдирүүдө демонстранттардын кармалышы “атайын жасоо аракети”, “башкаларды коркутууга багытталганы” айтылат. “Тынч жыйындар жана пикирин эркин билдирүү укугунан ажыратуу аракети. Марштын уюштуруучулары Бишкек мэриясына жана башка тиешелүү мекемелерге иш-чара пландалып жатканы тууралуу алдын ала маалымдама жиберген” деп билдирди Amnesty International.

18-мартта Бишкекте "Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн" деп аталган жүрүштө беш активист беш суткага камакка алынган.

Ички иштер министрлиги алардын кармалышын укук бузуу деп атоо туура эмес экенин айтып, маршка чогулгандарга коомдук тартипти сактоо жана жолдун тосулушуна жол бербөө тууралуу бир нече жолу эскертүү жасалганын билдирди. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG