Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Таласта жерди каттоого алган кызматкерлер кылмышка шектелүүдө


Талас шаарынын Жерди пайдалануу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынын айрым өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мыйзам бузган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, бул факт Талас шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдөн улам аныкталган.

Кылмышка шектүү кызматкерлер бир жарандын наамына 600 чарчы метр жерди расмий документтерди жасалмалап, мыйзам бузуп каттаган жана ал жерге карата "Жеке менчик укугун каттоо тууралуу мамлекеттик акт" жазып берген деп айыпталууда.

Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "жер мыйзамдарын бузуу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелеринин негизинде козголгон кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Талас облустук башкармалыгы тергөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG