Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Түндүк Кореянын ракета сыноосу ийгиликсиз аяктады


АКШ менен Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү Түндүк Кореянын 22-марттагы ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаганын билдиришти. Маалыматка ылайык, ракета Түндүк Кореянын чыгыш жээгиндеги Вонсан шаарына жакын жерден учурулган. Дал ушул аймакта былтыр орто аралыктагы бир нече ракета сыноодон өткөн.

АКШнын Тынч океан командачылыгынын өкүлү Дейв Бенхамдын айтымында, ракета учуп чыккандан бир нече секунд өтпөй жарылып кеткен. Түштүк Корея да бул маалыматты тастыктады. Бирок ракетанын кайсы түрү жөнүндө сөз болуп жатканы так айтылган жок.

Пхеньян март айынын башында төрт баллистикалык ракетасын учурган. Алардын айрымдары Жапониянын деңиз аймагына түшкөн.

XS
SM
MD
LG