Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Башкы прокуратура кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду


Башкы көзөмөл органы жиберген маалымат боюнча, өткөн жылдын 27-октябрында Токмоктун А. К. аттуу тургуну кыйноого кабылган. Аны өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган белгисиз адамдар Токмок шаарынан кармап, Бишкектеги ИИМдин имаратына алып келишкен. Ал жерде кармалган жарандан "Э.И. аттуу жаранга 30 миң доллар карызмын" деген тилкат алуу үчүн кыйнашкан.

Соттук-медициналык экспертиза А. К. аттуу жарандын кыйноого кабылганын ырастаган.

Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгына берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG