Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Сузакта кайра жер көчтү


Ак-Терек айылы.
Ак-Терек айылы.

Сузак районунун эки аймагында 24-мартта жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Терек айылында 25 миң куб метр топурак көчүп, беш үйгө кооптуу абал жаралды. Ал эми Алчалуу айылында 58 миң куб метр көчкү жүрүп, бир турак жайга жакындап калды.

ӨКМ жергиликтүү бийликке тапшырма берип, кооптуу абалда турган жарандарды көчүрүү зарылдыгын эскертти.

Өткөн жумада Майлуу-Суу шаарынын аймагында да жер көчкү коркунучу туулуп, тогуз үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG