Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:23

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды.

Жолугушууда КТРК башчысы өлкөнүн башкы телеканалынын коомдук берүү принциптерине ылайык өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Анда санариптик берүүгө өтүү мезгилинде контенттин сапатын жакшыртуу жана техникалык модернизацияга өткөрүү белгиленген. Карыпбеков телеканалдын менеджменти аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен КТРКны өнүктүрүү ишке ашып жатканын кошумчалады.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун автоунаасы 1-марттын түнүндө Бишкектеги түштүк магистралда бара жатып, кырсыкка кабылган. Оор абалда ооруканага жеткирилип, чукул операция жасалган.

25-мартта дарыгерлер Карыпбековду ооруканадан үйгө чыгарган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG