Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Укук коргоочулар Мосулда адам өлүмүнө жол бербөөгө чакырышты


17-мартта Ирактагы абадан урулган соккудан 150дөй жайкын тургун мерт болгон.
17-мартта Ирактагы абадан урулган соккудан 150дөй жайкын тургун мерт болгон.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Иракта “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы аба соккуларды жасап жаткан АКШ башында турган коалиция күчтөрүн мүмкүн болушунча карапайым адамдардын арасында өлүмдүн көбөйүшүнө жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу уюмдун 27-мартта жарыяланган докладында жазылган.

Буга чейин АКШнын бийлик өкүлдөрү Мосулдун жака белиндеги коалициянын аба соккуларынан 17-мартта 150дөй адамдын өмүрүн алган аба чабуулдар боюнча иликтөө башталганын билдирген. Ошентсе да АКШ армиясы ал жакта жайкын тургундардын мерт кеткенин ырастаган жок.

Amnesty International уюмунун баяндамасында жеринде чогултулган далилдер коалициянын күчтөрү бир катар үйлөрдү жок кылганын ырастай турганы айтылган.

2014-жылы Мосул шаарын басып алган “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы согушуп жаткан Ирак күчтөрүнө АКш башында турган коалиция абадан көмөк көрсөтүп келет.

Ирак армиясы Мосулду террорчулардан тазаалоо операциясын январь айында баштаган. Андан бери калаанын чыгыш бөлүгү толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өттү.

XS
SM
MD
LG