Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

Сбербанк Украинадагы бөлүмдөрүн сатат


Украинадагы Сбербанктын бөлүмүнө бир нече ирет кол салынган.
Украинадагы Сбербанктын бөлүмүнө бир нече ирет кол салынган.

Орусиянын Сбербанкы Украинадагы нааразычылык акцияларга жана Киевдин басымына байланыштуу бул өлкөдөгү филиалдарын сатууга мажбур болду.

27-мартта тараткан билдирүүсүндө мамлекеттин карамагындагы Сбербанктын Украинадагы филиалдарынын активдерин Латвиянын "Норвик" банкы жана белорусиялык жеке фирма жетектеген консорциум ала турганын маалымдады.

Мындан эки апта мурда Украинанын президенти Петро Порошенко Сбербанкка жана Орусиядан каржыланган дагы төрт банкка санкция киргизүү боюнча буйрукка кол койгон.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 28-мартта Орусия Украинадагы орус бизнесине жасалган мамилеге тынчсызданып жатканын билдирди.

Песков кошумчалагандай, Орусия Украина бийликтери чет элдик инвесторлордун жеке менчигин улутчулдардан жана экстремисттерден коргош керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG