Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Футбол: Кыргызстан менен Макао командалары беттешүүдө


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Макаонун футбол боюнча улуттук курама командалары беттешүүдө. Саат 19:30да башталган оюн 2019-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоонун алкагында болуп жатат.

Биринчи таймдын 22-мүнөтүнө карата азырынча эсеп ачыла элек. Беттешти КТРКнын Спорт каналы түз алып көрсөтүүдө.

Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөрөй талашат.

Бул мелдештер ушул жылдын 28-мартында башталып, 2018-жылдын 27-мартында аяктайт. Жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Тандоо оюндарынын жеңүүчүлөрү 2019-жылга белгиленген финалдык беттешке жолдомо алышат.

XS
SM
MD
LG