Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:41

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөнүн уюмдан чыгышына байланышкан сүйлөшүүлөрдү баштоо ниети тууралуу Евробиримдикке расмий кат жазды.

Reuters Европа кеңешинин төрагасы Дональд Тускка бүгүн, 29-мартта бериле турган каттын көчүрмөсү менен таанышканын билдирди.

Тогуз ай мурун Британия эли референдумда өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышын колдогон.

Сүйлөшүүлөр эки жылга созулуп, Британия блоктон 2019-жылдын мартынан тартып чыгып кетет деген божомол бар.

Биримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери Британияны мындай чечим үчүн жазалоо максаты жоктугун, бирок блоктун ичинде жагымсыз маанай күчөй турганын билдиришүүдө. Катты алгандан кийин Туск эки күндүн аралыгында ЕБге мүчө мамлекеттерге сүйлөшүүлөр боюнча эрежелерди жиберүүгө тийиш. Британия ЕБге 1973-жылдан бери мүчө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG