Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

АКШ сенаты Черногориянын НАТОго киришин колдоду


Конгресстин жогорку палатасынын мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен Черногориянын арызын колдоп берди.

Черногориянын арызы боюнча добуш берүүлөр Испания менен Голландияда да өтүүгө тийиш.

Орусия бул өлкөнүн альянска кошулушуна жана НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишине нааразылык билдирип келе жатат. Былтыр Черногорияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болуп, бийлик өкүлдөрү муну Орусиядан көрүшкөн. Москва болсо аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG