Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:28

Мыйзам бузулган учурда коомдук тартипти сактоо боюнча милиция өз милдеттерин так аткарышы керектигин бүгүн президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алганда айтты. Ошондой эле өлкө башчы борбор шаарда өткөрүлүп жаткан ар кандай саясий акцияларга байланыштуу милиция адамдардын өз жарандык позициясын билдирүүгө укугун сыйлоо зарылдыгын кошумчалады.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, жолугушууда министр Исраилов укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

25-мартта милиция Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандардын арасынан жүздөн ашык кишини кармаган. Алардын алтымыштан ашыгы эки суткадан беш суткага чейин кармалган. Мындан башка 12 адамга кылмыш иши козголуп, эки айга тергөө абагына камакка алынды. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG