Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн 29-мартта саат 17:15тер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт каттамынын 289-чакырымындагы Кызыл-Үңкүр участкасында кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. 22 миң 500 куб метр көчкү түштү.
Учурда жол жабылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө. Нарын облустук патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол 6-8 саат аралыгында ачылышы мүмкүн. (NT)