Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Адабий картада Кыргызстан жана Казакстан Айтматовдун китептери менен белгиленди


Британиялык Independent басылмасы дүйнөнүн адабий картасын түздү. Анда Кыргызстан дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повести, Казакстан "Кылым карытар бир күн" романы менен көрсөтүлгөн.

Дүйнөнүн адабий картасында ар бир өлкө эң белгилүү же маанилүү чыгармалар менен белгиленет.

Өзбекстан Том Бисселдин «Деңизге умтулуу» китеби, Тажикстан Андрей Волостун «Хуррамабад» романы, Түркмөнстан Ак Вельсапардын «Айпи тууралуу уламыш», Орусия Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» чыгармасы менен турат.

Жалпысынан картага 197 өлкө түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG