Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

“Айыл банктын” имаратынын ижара мөөнөтү узартылды


Бишкек шаарынын Пушкин көчөсүндө орун алган “Айыл банктын” имаратынын ижара мөөнөтү дагы үч жылга узарат. Бул тууралуу буйрукту премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чыгарды.

Буйрукка ылайык президенттин аппараты менен өкмөттүн иш башкармалыгына “Айыл банк” менен келишим түзүү тапшырылып, мамлекеттик мүлк үчүн акы алынбайт.

Буга чейин “Айыл банктын” жетекчилиги ижара мөөнөтү аяктаганынан улам башка жакка көчүп кетери айтылган. Аталган банк борбордогу Vefa Center соода түйүндө 25 млн сомго орун алганы тууралуу кабар тарап, бул парламент депутаттары арасында да талкууга алынган. (SDz)

XS
SM
MD
LG