Ушул күндөрү тоолуу райондордо жана тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолот. Мындай абал 2-апрелге чейин сакталат. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
1-апрелден 4-апрелге чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр карга айланат. Бул күндөрү түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында -2 градуска чейин үшүк жүрөт. Тоолуу райондордо -5...-10, бийик тоолуу аймактарда -23 градуска чейин суук болот.
31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жок. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз +6...+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -2... -7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…18 градус жылуу болот.