Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:41

Садыр Жапаровдун тарапташтары бошотулат


Шаардык кабыл алып бөлүштүрүү жайы

25-мартта УКМК имаратынын алдындагы митингде милиция тарабынан кармалып, шаардык кабыл алып жана бөлүштүрүү жайына кармалган Садыр Жапаровдун тарапташтары бүгүн бошотулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков буга чейин шаардык кабыл алып жана бөлүштүрүү жайында 65 адам кармалганын айткан. Анын ичинен эки адам эки күнгө, бир адам үч суткага кармалганын айтып, үч киши кармоо жайында мөөнөтүн өтөп, чыгарылганын билдирген.

Бүгүн кечки саат беште калган 62 адам эркиндикке чыкмакчы. Аларды жакын туугандары жана активисттер милициянын кабыл алып жана бөлүштүрүү жайынан тосуп алууга даярданып жатышат.

28-мартта акыйкатчы Кубат Оторбаев шаардык кабыл алып жана бөлүштүрүү жайындагы кармалган адамдар менен барып жолукканда, көпчүлүгү кармоо шарты кыйноого барабар экенин билдиришкен. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG