Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Араб лидерлери Палестин-Израил тынчтык макулдашуусун кайра карап чыгууга даяр


Араб мамлекеттеринин лидерлери 29-мартта Иорданияда өткөн саммитке чогулушту.
Араб мамлекеттеринин лидерлери 29-мартта Иорданияда өткөн саммитке чогулушту.

Араб мамлекеттеринин лидерлери, Палестина-Израил жаңжалына чекит коюу үчүн тынчтык планын кайра карап чыгууга даярдыгын билдиришти. Бул тууралуу Иорданияда 29-мартта өткөн бир күндүк саммитте сөз болду.

Лидерлер эки мамлекеттин чечимдеринин негизинде жаңжалга чекит коюу үчүн белгиленген жадыбалды так сактоону убада кылышты.

Жакынкы жумаларда Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен үч араб лидеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Иорданиянын падышасы Абдалла, Египеттин президенти Абдел-Фаттах ал-Сисси жана Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас саммитте жолугуп, Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдүн алдында өз позицияларын макулдашып алышты.

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади саммитте араб дүйнөсү Трамптын администрациясы менен кызматташууга даяр экени анык болгонун айтты.

Трамптын өкүлү Жейсон Гринбалтт саммиттин алкагында Махмуд Аббас жана Иорданиянын, Египеттин, Катардын тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Анын айтуусуна караганда, Трамп Израил менен Палестина ортосундагы тынчтык макулдашуусунун келечегине ишенет.

Буга чейин Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча карама-каршы пикирлерди билдирип келген.

XS
SM
MD
LG