Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:40

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш өзү белгилегендей "оор гуманитардык кырдаалга" байкоо жүргүзүү үчүн бейшембиде Иракка барды. Ирактын өкмөттүк күчтөрү өлкө түндүгүндөгү Мосул шаарын "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлеринен тазалоону улантышууда.

"Жайкын тургундарды коргоо абсолюттук приоритет болуусу тийиш" деп жазды Гуттереш 30-мартта өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Багдадда Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади менен жолугушары күтүлүүдө. Андан кийин Гуттереш Күрт автономиясынын борбору Эрбил шаарына учуп кетери боолголонууда.

Өткөн жылдын октябрь айында өкмөттүк күчтөр АКШ башында турган коалициянын аба чабуулдарынын көмөгү менен Мосул шаарын "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жоочуларынан бошотуу операциясын баштаган.

Ирак армиясы андан бери калаанын чыгыш бөлүгүн өз карамагына алып, учурда батыш тарабын тазалоо операциясы жүрүп жатат.

Улуттар Уюму маалымдагандай, жүз миңдеген жайкын тургундар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушса, соңку бир айдан бери Мосул шаарынын батыш бөлүгүндө 300дөй жайкын тургун мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG