Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Атамбаев "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент менен жолукту


30-мартта президент Алмазбек Атамбаев "Эркин Европа/Азаттык" корпорациясынын президенти Томас Кентти жана "Азаттык" үналгысынын директору Венера Жуматаеваны кабыл алды.

Томас Кент Кыргызстан ар дайым региондогу башка өлкөлөрдөн демократияга умтулгандыгы жана сөз эркиндигин урматтагандыгы менен айырмаланарын билдирди:

- Биз аны көрүп турабыз жана ошондуктан кызматташууну улантууга кызыкдарбыз. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргызстанда иштөөдө жакшы тажрыйбасы бар, - деди Томас Кент.

Атамбаев Кыргызстандын эли үчүн "сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө маанилүү" экенин белгилеп, ​маалымат каражаттарына чоң жоопкерчилик артылганын, ага жараша калыс жана чынчыл иштеши керектигин айтты.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу 26 тилде дүйнөнүн 23 мамлекетинде эфирге чыгат. "Азаттык" үналгысынын кыргызча берүүлөрүнүн обого чыга баштаганына 64 жыл болду. Учурда кыргыз коомчулугуна радио, теле берүүлөрү менен белгилүү. Интернетке кыргыз жана орус тилинде чыгат. Радионун кабарчылары эл аралык медиага тиешелүү бардык стандарттарды сактайт.

XS
SM
MD
LG