Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:55

Ажылыкка баруу ниетинде РСК-банкка алдын ала 400 доллар төлөп, бирок серверге кирбей калган жарандар бүгүн, 31-мартта кечки саат бешке чейин катталышы керек. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 80ге чамалуу киши акча төлөгөнү менен документтери толук болбой, серверге кирбей калган. Алар жергиликтүү ажы башчыларга жана казыяттарга кайрылса болот.

Быйыл Кыргызстандан 4585 адам зыяратка барат. Алгачкы топ болжол менен августтун башында жөнөйт. Документтерди кабыл алуу 6-февралдан 6-мартка чейин жүргөн, зыяраттын жалпы төлөмү бүгүн аныкталат.

Зыяратчыларды ташуу боюнча тендерде Сауд Арабиянын “Флай Нас” авиакомпаниясы утуп алган. Алдын ала эмдөө иштери 1-майда башталары айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG