Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү


Мамлекеттик салык кызматы бүгүн 31-мартта, Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктарын эскертет. Ушуга байланыштуу, салык кызматы декларацияны бере элек жарандардан аны түн ортосуна чейин берүүгө чакырууда.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешеси, жер тилке, мүлкү, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет берүүсү керек.

Тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Өз маалында декларацияны тапшырбаган жеке тараптар 2 миң сом, ал эми юридикалык тараптар 5 миң сомдон айып төлөйт.

Салык кызматы толук маалыматты 194 номурунан билсе болорун маалымдоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG