Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:39

Бишкектик тургун Алмаз Раимбеков “Мегакомдун” сынагынын жеңүүчүсү аталып, 1 миллион сом утуп алды. Эки жыл мурун Раимбеков “Билайн” компаниясы өткөргөн сынакты жеңип, анда 2 миллион сом уткан.

Анын жеңишинен соң, социалдык түйүндөрдө талкуу жаралып, жеңиш “жасалма” болушу ыктымалдыгын айткандар басымдуулук кылды.

Жеңүүчү өзү “Азаттыкка” билдиргендей, анын талыкпас аракети жана билимге болгон сүйүүсү ийгиликке жеткирген.

“Көпчүлүгү оюнду лотерея катары кабыл алып жатат. Бирок бул билимиңди текшерчү сынак экенин айта кетейин. Бул жерде ыкчам, тез жана туура жооп берген адам жеңишке жетет. Мектепте мен “бешке” окугам, ал эми университетти кызыл диплом менен бүтүргөм”, - деди Раимбеков.

Сынактын жеңүүчүсү кошумчалагандай, оюн бизнеске окшош жана ким көп салым кошсо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ал мобилдик сынакта телефондун сапаты да чоң мааниге ээ экенин айтты.

Алмаз Раимбеков каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшай турганын айтып, биринчи жеңиштен кийин тийиштүү органдар аны текшергенин билдирди.

Ал эми “Мегаком” компаниясы сынактын “жасалма” экенин четке кагып, Алмаз Раимбеков эреженин бардыгын так сактап, узак убакыттан бери упай топтоп келгенин айтышты. "Раимбековдун жакын жана алыс туугандары “Мегакомдо” иштебейт", - деп ишендирди байланыш компаниясы.

Анткен менен Салык кызматы мыйзамга ылайык жеңүүчүнүн 10 пайыз каражаты мамлекеттик бюджетке алынарын билдиришти. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG