Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Пакистандагы жардыруу курмандыктары 22ге жетти


Пакистандын туусу
Пакистандын туусу

Пакистандын түндүк-батышындагы Парачинар шаарында жардыруудан мерт кеткендер 22ге жеткени кабарланууда. Ондогон адамдар жаракат алышты. 
Өкмөттүн өкүлү Захид Хуссейндин айтышынча, бомба 31-мартта базардагы шиилердин мечитинин жанында жарылган.
Өлкөнүн Ооганстан менен чегине жакын жайгашкан Парачинарды негизинен шиилер байырлайт. Мындан мурда 21-январдагы жардыруудан 21 киши өлүп, ондогону жарадар болушкан. Анда буга жоопкерчиликти бир топ сунни жоочулары алышкан. 
Бул чөлкөм суннилер менен шиилердин байма-бай кагылышуулары менен белгилүү. 

 

XS
SM
MD
LG