Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:53

Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы издөө иштеринин натыйжасында жер көчкү басып калган төрт адамдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

26-марттын таңында Ничке-Сай айылында жер көчкү катталып, алты адамдан турган бир үй-бүлө көчкү астында калган. Аймак кооптуу болуп тургандыктан издөө иштери убактылуу токтотулган. 29-мартта куткаруучулар көчкү алдынан эки баланын сөөгүн алып чыккан эле.

Айылдагы көчкү коркунучунан улам, кооптуу аймакта жашаган 34 үй-бүлө 25 чатырга көчүрүлгөн. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG