Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

Трамп: Кытай менен жолугушуу өтө оор болот


Си Цзинпин менен Дональд Трамп
Си Цзинпин менен Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушуу өтө оор болорун Твиттерге жазды. Ал эки ортодо соода маселеси талкууланарына ишара кылууда.

"Бизде мындан ары эбегейсиз соода таңсыктыгы, жумушчу орундарды жоготуулар болбойт. Америкалык компаниялар башка альтернативаларды караганга даяр болушу керек" деп жазды Трамп.

Ушу тапта АКШ-Кытай соода алакасы 580 млрд долларга жакындады. Анын 350 млрд доллары Кытайдын пайдасына экени расмий эсептелген. Буга байланыштуу Трамп талапкер кезинде соодада теңдик болбой жатат деп Бээжинди айыптап келген.

30-мартта Трамптын пресс-катчысы Шон Спайсер эки лидер көп ирет телефондон сүйлөшкөнү менен жолугуп чеччү маселелер көп деди.
"Түштүк-Кытай деңизи, соодадан тарта Түндүк Кореяга чейин чоң проблемалар бар. Улуттук жана экономикалык коопсуздук боюнча чечилиши зарыл болгон чоң көйгөйлөр турат", дейт Спайсер. Жолугушуу 6-7-апрелде АКШнын Флорида штатында өтөт.

XS
SM
MD
LG