Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Тиллерсон НАТО чыгымын тең көтөрүүгө чакырды


Тиллерсон НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен
Тиллерсон НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен

Ушу тапта Брюсселде НАТОдогу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө. Ага биринчи ирет катышып жаткан АКШ Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон өнөктөш өлкөлөрдү ички дүң өнүмүнүн 2% альянстын чыгымына бөлүүгө чакырды. Тиллерсон бул максатка жетүү планын майдагы альянстын саммитине чейин берүү зарылдыгын айтты.

Ушу тапта НАТОнун башка 27 мүчөсүнө караганда АКШ чыгымдын пропорционалдуу эмес үлүшүн көтөрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Тиллерсон жыйын алдында ​буларды айтты:

- НАТО "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкө, башка антитеррористтик аракеттерге канткенде катыша аларын да сүйлөшкүбүз келет. Албетте Орусиянын Украина жана башка жерлердеги агрессиясына жооп катары НАТОнун Европадагы, өзгөчө Чыгыш Европадагы турумун да талкуулайбыз.

XS
SM
MD
LG