Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

АКШ Орусиянын "Талибан" менен байланышына тынчсызданууда


Жеймс Мэттис
Жеймс Мэттис

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Орусиянын "Талибан" тобу менен алакасына тынчсыздануусун билдирди.

"Биз "Талибанга" байланыштуу Орусиянын активдүүлүгүн байкадык. Ушул тапта ал аракеттер курал менен камсыздоо деп айта албайм. Бирок азыркы ишмердиги бизди тынчсыздандырат", деди Мэттис 31-мартта Лондондогу маалымат жыйынында.

23-мартта эле Сенат комитетинде НАТО күчтөрүнүн Европадагы башчысы Кертис Скапарротти Орусиянын "Талибанга" таасир этүү аракеттери күчөгөнүнө далилдер бар экенин айткан.

Москва мындай маалыматты четке кагып келет. "Талибан" АКШ колдогон ооган өкмөтү менен узак жылдардан бери салгылашууда.

XS
SM
MD
LG