Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:13

Кыргызстандыктар Түштүк Кореяда Hyundai корпорациясына иштей алышат


Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги аталган корпорациянын өкүлдөрү менен жолугуп, алтымыш кишини ишке жайгаштыруу боюнча келишимге жетишти.

Hyundai корпорациясына иштөөнү каалаган кыргызстандык жарандар "Е-9" деп аталчу эмгек визасына же түпкү теги корейлерге берилчү "Н-9", "F-4" деп аталган иш визасына ээ болуусу тийиш.

Корпорация келечекте кыргызстандыктар үчүн иш орундарын көбөйтүүнү убада кылууда. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, Hyundai корпорациясы кыргызстандыктар жетиштүү айлык төлөйт жана толугу менен социалдык жактан камсыздап, жатак орун, тамак-аш бермекчи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG