Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:38

Жерүй кенин иштетүүгө жергиликтүү эл каршы эмес


31-мартта Таласта кен иштетүү боюнча жергиликтүү элдин катышуусунда талкуу болду. Ага облустун 300гө чамалуу активисттери, облустагы өкмөттүн өкүлү Дайыр Кенекеев, өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, Жерүйдү иштетүүчү орусиялык "Орус платинасы" компаниясынын жана анын алдында түзүлгөн "Алтын альянс" ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында жергиликтүү элге кен иштетүүчү ишкана тууралуу маалымат берилип, Жерүй алтын кенин иштетүү пландары тааныштырылды.
Маалыматтар боюнча, Жерүй алтын кени апрель айынын ортосунан тарта иштетиле баштайт. Зилалиевдин айтымында, кен иштетүүчү ишкана август айына чейин калдыктар сакталуучу жайды курууга тийиш.

Жыйындын көпчүлүк катышуучулары Жерүй алтын кенин иштетүүгө макулдугун беришти. Кен иштетүүнүн өлкө экономикасы үчүн мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантыла берет деп маалымдайт өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.

Жерүй алтын кени Таластын Бекмолдо айлында жайгашкан. Буга чейин аталган кенди иштетүүгө бир катар чет мамлекеттик компаниялар лицензия алып, бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам, алтын казылбай келген. 

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Кенди иштетүү укугун орусиялык “Восток геологодобыча” компаниясы алган эле.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG