2-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15- 20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 7…8;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 7…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
2-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 5…7 жылуу болот.